Бишкекте кытайлык жаран унаасы менен 2 кызды сүзүп, алардын бири каза болду. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 14-июлда билдиришти.
Маалыматтарга караганда, Нуармаймати аттуу Кытай Республикасынын жараны 13-июль күнү саат 22:30дар чамасында “Мадина” базарынын жанынан 2 адамды сүзүп кеткен. Алардын бири Айдана аттуу жаран "Тез жардам" унаасында бара жатып алган жарааттарынан каза болгон. Ал эми Акинай аттуу кыз ар кандай жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалды. Иликтөө жүрүп жатат.