“Жазгы чакыруу – 2014” кампаниясы боюнча мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандардын арасында чиновниктердин уулдары жана жогорку окуу жайларды аяктагандар бар. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлдагы маалымат жыйынында КРнын Башкы штабынын Башкы оперативдик-мобилизациялык башкармалыгынын жетекчиси, полковник Руслан Абдырахманов билдирди.
Анын айтымында, жогорку билим алгандардын саны 150дөн ашуун. “Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылгандардын арасында бир топ мамлекеттик ишмерлердин, депутаттардын жана башка чиновниктердин уулдары бар. Мисалы, саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймураз Ташиев, Баткен облусундагы "Кыргызтелеком" ишканасынын башчысынын уулу Ысманкул Исраилов, Исфана шаарынын мэринин уулу жана башкалар”,- деди ал.