Медициналык кошулмалар жана мыйзамсыз фармацевтикалык ишмердүүлүк боюнча жоопкерчилик күчөтүлдү

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске толуктоо киргизүү" жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду. Мыйзам ЖК тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган. Бул тууралуу 14-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Толуктоолорго ылайык, дарылык, дартты аныктоочу, алдын алуучу жана дарылоо-косметикалык каражаттарды, медициналык багыттагы буюмдарды жана техниканы, дарылап-алдын алуучу тамак-аш продуктыларын жана тамак-аш кошундуларын өндүрүүнүн, сатып алуунун жана сатып өткөрүүнүн эрежелерин бузуу, ошондой эле фармацевттик ишти мыйзамсыз жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында кабыл алынган. 

Ушул максатта аталган мыйзам бузуулар үчүн азыркы айыптар жарандар үчүн «бештен он» эсептешүү көрсөткүчтөрү «жыйырмадан элүүгө» көбөйүп, ал эми кызмат адамдары үчүн «жыйырмадан элүү» эсептешүү көрсөткүчтөрү «отуздан жүз» эсептешүү көрсөткүчтөрүнө көбөйөт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан