Бишкектин Октябрь райондук акимчилиги жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча түшүндүрүү иштерин баштады. Бул боюнча "Инфоком" ишканасынын, район тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен атайын жыйналыш өткөнүн 14-июлда мэрия кабарлады. Жыйында Кыргызстандын калкынын биометрикалык маалыматтарын жыйноо боюнча кампаниянын максаты талкууланганы айтылды. Район жашоочулары бул маселе боюнча суроолоруна жоопторду алышты.