Чүйдө спирт ичимдигин ичип отурган малчылардын бири экинчисин сабап өлтүрүп, жансыз денени жайытка таштап кеткен

Чүйдө спирт ичимдигин ичип отурган малчылардын бири экинчисин сабап өлтүрүп, жансыз денени жайытка таштап кеткен. Бул боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Москва районунун Широкое жайытында ар кандай жаракаттардан улам каза болгон жарандын жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары каза болгон жаран менен кошо мал кайтарып жүргөн 1968-жылы туулган жаран кармалган.

Иликтөөдө кылмышка шектүү каза болгон жаран менен спирт ичимдигин ичип отуруп мушташа кетип, катуу сабап, кийин учтуу темир менен сайып өлтүрүп салганын мойнуна алган.

Кылмышка шектүү камакка алынды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
WINNER
2014-07-14 14:59:56
Ичимдик кайерде жакылыка алып барчу эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан