Сирияда ураган имаратта 16 саат калып калган эки айлык наристе куткарылды

Сирияда ураган имаратта 16 саат калып калган эки айлык наристе куткарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар 13-июлда жазып чыгышты. 

Белгилүү болгондой, бул окуя Сирияда орун алган. Анда бузулган имараттагы тонналаган шагылдын алдында 2 айлык наристе тирүүлөй көмүлүп калган. Сириянын Алеппо шаарынын жарандык коргоочулары ымыркайды куткарууга келишкен. Имараттын ураган бөлүктөрүн ажыратып жаткан куткаруучулар баланын башын көрүшүп, ал тарапка барышкан. Ал эми наристенин тирүү экенин чаңырып ыйлаганынан улам баамдашкан. 2 айлык Махмудду сактап калган куткаруучу наристенин тирүү жана зыянга учурабаганын көрүп, көргөн көзүнө ишенбей жашыган. Махмуд дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөн соң энесине тапшырылган.

Сирияда имараттын урандысында калган 2 айлык наристени куткарып калышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
turgunbek
2014-07-14 15:47:01
иий тооба коруп алып ыйлагым келди козу десе омуру узуун эл керегине жараган жигит болсун.
+2
Inwallah88
2014-07-14 16:23:34
Аллага мин мертебе раазымын!!!!
+1
12.12.12
2014-07-14 16:33:07
Эх,жаратканым алам десе алат эле да. Омуру узун болсун! Жон эле басып бара жаткан адам деле узуп кетип жатпайбы!
0
faha
2014-07-14 17:49:23
Bul chonoyso bir ozgocho adam bolot go....)
0
Aipri
2014-07-14 17:52:22
Жаратканым бар.
0
youngyoung
2014-07-14 18:19:56
Жаратканга чексиз мактоолор болсун!
0
uluk1982
2014-07-14 18:25:39
ошондо окмоттун адамдары болобу!
куткаргандар!
0
elgiz0890
2014-07-14 19:26:30
аллахтын кудурети
0
betman
2014-07-14 22:13:21
бул да болсо кудайдын кудурети
0
aikarus8384
2014-07-15 06:18:39
Аллахдын кереметида.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан