Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты 2014-жылдын 8-14-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну туристтик фестивалына даярдык көрүүдө. Даярдыктын жүрүшүндө мекеме-ишканалардын жетекчилери кирген жумушчу тобу түзүлүп, мындан тышкары аткарылчу иш-чара бекитилип, иштер алынып барууда. Бул тууралуу 14-июлда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Жумушчу топтун жетекчиси болуп ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков, анын орун басары болуп Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы Раимбек Имангазиев дайындалды.
Бекитилген иш-чарага ылайык, жумушчу топ өзүнүн отурумун өткөзүп, бүгүнкү күндө ар бир аткаруучуга так көрсөтмө-тапшырмалар берилип, коомчулукка кеңири жайылтуу иштери жасалууда.
Ат майданы боюнча аткаруучуга керектүү болгон уруксат берүүчү, архитектуралык тапшырмалар берилди. Андан тышкары Кырчын жайлоосуна бара турган эскилиги жеткен асфальт жолундагы 1,5 чакырым аралыкта аң-чөнөктөрдү оңдоо жумуштары жүргүзүлүүдө.