Бишкектик айым көп кабаттуу үйдөн кулап каза тапты. Бул боюнча ИИМдеги өздүк булактарыбыз бүгүн, 14-июлда кабарлашты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Бишкектин 7-кичи районунда 20-25 жаштардагы айым бүгүн көп кабаттуу үйдөн кулап кетип каза тапкан. Учурда аталган айымдын өлүмү тууралуу ар кандай божомолдор айтылууда: өзүн өзү өлтүрүүгө баргандыгы, кокустуктан кырсыкка кабылгандыгы, ошондой эле өлтүрүлүп, анан ыргытылгандыгы боюнча. Бирок анын өлүмүнө эмне себеп болгондугу азырынча тактала элек. Каза болгон жарандын артында кичинекей кызы калганы маалым болду. Аталган факты боюнча иликтөө иштери уланып жатат.