Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюта фондунун миссия башчысын кабыл алды

Бүгүн, 14-июлда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Эл аралык валюта фондунун миссиясын кабыл алды. Өкмөт башчы миссиянын жаңы жетекчиси Эдвард Гемайелди кызмат орду менен куттуктап, мындан ары кызматташуу ийгиликтер, жаңы жетишкендиктер менен коштолоруна ишенерин айтты.

Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын азыркы таптагы соода-экономикалык абалы тууралуу маалымат берип, 2014-жылга карата көрсөткүчтөр жана 2015-жылга карата божомолдор жөнүндө кыскача айтып берди. Ошондой эле КРнын Бажы биримдигине кирүү алдындагы маселелерге токтолду.

Эл аралык валюта фонду менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле каралып, тараптар бюджеттик-насыя берүү тармагында, мамлекетти башкаруу системи, каржы рыногун өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу талкууга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан