Ат-Башыда "9 айлык наристени сабады" деп айыпталган өгөй эне шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылды

Ат-Башы районунда "9 айлык наристени сабап салган" деп айыпталган жаран шарттуу түрдө 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул боюнча Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына бүгүн, 14-июлда билдиришти.

Эске салсак, ушул жылы 17-мартта Ат-Башыдагы аймактык ооруканага “суук тийип ооруп калды” деген шылтоо менен ымыркай келип түшкөн.

Нарын ШИИБинин басма сөз катчысы Медина Султаналиеванын айтымында, наристе 7,5 айга толгондо анын энеси баланы 30 жаштагы өгөй энеси А.Нургүлгө таштап, Бишкекке иштегени кеткен экен. Өгөй эне ымыркайды 1,5 ай багып, тажап кетип сабай баштаган. Ымыркайдын аты-жөнү Өмүрбек уулу Элхан экендиги аныкталган.

Бул окуя боюнча соттук отурум орун алып, 9 айлык наристени сабаган өгөй энени Ат-Башы райондук соту 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Jakai89
2014-07-14 18:05:56
А озунун энесичи тооба кундошуно да бала таштайт бекен ээ. Озунун апасында камашкерек эле
+4
Alicia
2014-07-14 18:43:37
Tushungon jokmun Nurgul kimdin ogoi enesi Elhandynby je Elhandyn mamasynynby?
0
sagyn01
2014-07-14 19:00:23
Шарттуу турдо дегенди кандай тушунсо болот?
0
g.jumabekova
2014-07-15 08:51:59
sagyn01, шартту турдо кесуу бул ай сайын милицияга келип турасын эч жака кетпедим шаарда элемин деп. Алардын уруксаты жок жашаган жерди озгортпойсун. Эгер уруксат менен жашаган жерди озгортсо мисалы башка шаарга кочуп кетсе жаны адрес боюнча каттого турат. Кыргызстандын аймагын таштоого тыюу салынат. Эгер журум турум. жакшы болуп ай сайын милицияга келип кабарынды билдирип турсан 6 айдан кийин моонот соттун чечими аркылуу кыскартылат.
0
Arabella
2014-07-14 19:30:56
Кимдин огой энеси экени тушунуксуз болуп калыптыр. Ошону тактап айтып койгулачы.
+3
kursantbek
2014-07-15 01:23:47
Arabella, Элхандын оной энесида
+1
Alicia
2014-07-15 17:02:26
kursantbek, ogoi enesi 30da bolso, Elhandyn apasy kanchada bolup kalat anda? anan kantip ozunun kundoshuno balasyn tashtady
0
Azaliya-14
2014-07-14 19:33:49
Кантип журогу барды экен торт, беш жаш болсо бир жон,ымыркайго ал
+3
Jadyrashka
2014-07-14 21:31:40
Мындай аялдардын колдорун кесип салыш керек. Акмактар Аллах жазасын берсин.
+3
Gulshan_kf
2014-07-15 00:06:38
Кудай ай, заманыбыз кайда баратат. Адамдар мыкачы болуп баратат
+1
aylun
2014-07-15 11:26:31
мөлтүрөгөн жакшынакай бала экен го, кантип колу барды ай??? өзүнүн энеси да кызык, андан көрө жакын кошунасына таштаса жакшы бакмак.
+2
rusana
2014-07-15 13:15:38
Козуну боруго кайтарткан экен да...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан