Ноокен районунда кыш заводун тоногон жарандар камакка алынышты. Бүгүн, 14-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, кармалгандар 9-июлдан 10-июлга караган түнү аталган районго караштуу Момбеков айылдык округундагы Көк-Там участкасында жайгашкан
кыш заводунун кароолканасынын айнектерин талкалап киришкен.
Кылмышка шектүүлөр заводдун кароолчусу Арзыкулов Абдылданы
бычак, тапанча менен коркутуп, уруп денесине жаракат келтирип,
колу-бутун скотч менен байлап салышкан. Андан соң 19 800 сом
акчаны сейфи менен кошо алып чыгып кетишкен.
Жабырлануучулар
арыз менен кайрылышып, жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка
шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 29 жаштагы Абдрашев С., 23 жаштагы Жолдошев Б., 24 жаштагы Адилкан уулу А. жана 23 жаштагы Ахмедалиев К. кармалышкан.
Алар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу
кармап туруучу жайына киргизилип, алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.