Жылнаама, 15-июль: Мындан 17 жыл мурун италиялык модельер Жанни Версаченин сөөгү Майами-Бичтеги вилласынын кире беришинен табылган

* Мындан 74 жыл мурун, 1940-жылы киноактёр, обончу, композитор, СССР Театр ишмерлер союзунун, Кинематографисттер, Композиторлор союздарынын мүчөсү, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуркан Турсунбаев туулган. Анын "Ай баратат", "Суу алган кыз" аттуу ырлары элге кеңири тараган.
 
* Мындан 17 жыл мурун, 1997-жылы италиялык модельер Жанни Версаченин сөөгү Майами-Бичтеги вилласынын кире беришинен табылган. Ага ок аткан гемосексуалист Эндрю Кьюненэн деген адам экени аныкталган. Жанни Версаче 1946-жылы 2-декабрда туулган. Ал 1978-жылы эмерек, телефон, унаа, косметика, аксессуар, кийим чыгарган “Gianni Versace” аталышындагы маркасын негиздеген. Бирок мындай таланттын өмүрү узакка созулган эмес. Компания белгилүү болуп, жакшы киреше алып келе баштаганда италиялык мафия менен кагылыша кетип, киши колдуу болуп өлгөн. Кийин Жанни Версаченин ишин шакирттери, карындашы жана иниси уланткан.
* Мындан 2 жыл мурун, 2012-жылы түштүк кореялык ырчы PSY`дын "Гангнам стайл" ыры интернет ааламына жүктөлүп, 5 айдын ичинде 600 миллион жолу көрүлгөн. Ал эми 3 600 000 жолу "жакты" ("нравится") белгиси коюлган. Бул үчүн аталган клип 2012-жылдын 20-сентябрында "Гиннесс рекорддор китебине" кирген. Мындан сырткары 11-ноябрда Франкфурт шаарында өткөн "MTV Europe Music Awards" сыйлыгынын "Мыкты видео" наамына ат салышып, жеңүүчү аталган.
15-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан