Бүгүн, 15-июлда депутат Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму өтмөкчү. Биринчи Май райондук соту 10-июлда өтүүчү сот отурумун Келдибековдун ден соолугуна байланыштуу 15-июлга жылдырган болчу.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 2013-жылы 20-ноябрда Ахматбек Келдибеков айыпталып кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Эл өкүлү "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда.