Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Бусурманкул Табалдиев (сүрөттө) 2013-жылы 699 747 сом киреше тапкан. Мунун 652 630 сому маяна, 47 117 сому кошумча кирешеси. Мүлктөрү: 300 чарчы метр жерди ээлеген үй, 106 чарчы метр жерди ээлеген батир. 2008-жылы чыгарылган Мицубиси Аутлендер автоунаасы. Жакындары былтыр 912 874 сом киреше табышкан. 220 чарчы метр аянтты ээлеген батирдин ээлери.
Бусурманкул Табалдиевдин биринчи орун басары Бектен Сыдыгалиев өткөн жылы 522 038 сом киреше тапканын айтты. Алган маянасы: 500 138 сом. 1 гаражга, Тойота үлгүсүндөгү 1 автоунаага ээлик кылат. Жакындары былтыр 114 102 сом киреше табышса, алардын мүлктөрү: 1 үй, 1 батир.
УКМК төрагасынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев 2013-жылы 478 475 сом киреше тааптыр. 2 жер тилкесине жана бир батирге ээлик кылат. Жакындары 1 батир, 2006-жылы чыгарылган Лексус RX400 автоунаасынын кожоюндары.
УКМК төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун былтыркы кирешеси 494 207 сом. 83 чарчы метр жерди ээлеген 1 батирдин ээси. Жакындарынын жылдык кирешеси 669 миң сом. 1 дача, 1 батир, 1 үй жана 1 автоунаага ээлик кылышат.
УКМК төрагасынын орун басары Аман Мамбетсейитов былтыр 442 209 сом маяна алган. Жакындарынын жылдык кирешеси 61 830 сомду түзгөн. Мүлктөрү: 1 жер тилкеси, 1 үй жана 2003-жылы чыгарылган Ниссан үлгүсүндөгү автоунаа.
УКМК төрагасынын дагы бир орун басары Замир Сабаев былтыр 1 285 615 сом киреше тааптыр. Мунун 539 040 сому маяна, 72 000 сому пенсия. Сабаев 4 жер тилкесине ээлик кылат. Жакындары өткөн жылы 101 584 сом киреше табышканы, 1 жер тилкесине, Лексус RX330 үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылышары айтылды.