Токмок шаарынын жана Панфилов районунун Салык башкармалыктарынын жетекчилери ротацияланды. Муну 15-июлда Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Токмок шаардык салык кызматынын жетекчиси Кубатбек Супатаев Панфилов райондук салык кызматынын башчысы болуп дайындалды. Панфилов райондук салык кызматынын жетекчиси Нурлан Мамбетаитов Токмок шаардык салык кызматынын башчысы болуп дайындалды. Мындай чара салык органдарынын башкаруу ишмердүүлүгүн бекемдөө жана салык жыйноонун эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн жасалганы айтылды.