Кыргызстанда “Маданият кербени: Жибек Жолунун искусствосу” аттуу фестиваль өткөрүлөт

27-июлдан 8-августка чейин Бишкек, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында жана Бөкөнбаев айылында “Маданият кербени: Жибек Жолунун искусствосу” аттуу фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чаранын максаты - Ысык-Көл облусунун аймагына туристтик сезондо көчмөн маданиятынын кербенин уюштуруп, жергиликтүү эл жана администрация менен биргеликте кол өнөрчүлүк, көркөм искусство, этномузыканы жана улуттук оюндарды көрсөтүү.

Фестивалдын программасынын алкагында живопись, керамика, булгаары, кийизден жасалган буюмдардын көргөзмөсү, маданият тууралуу фильмдер жана башкалар тартууланат.

Иш-чараны Борбор Азия маданият жана искусство тармактары колго алган.

Ар бир шаарда жана аймакта улуттук тамак-аштар, оюндар, сынактар өткөрүлүп, катышуучуларды жана конокторду меймандостук бириктирет”,- деп белгилешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан