Ош шаарында кримчөйрөнүн өкүлүнүн үйүнөн Калашников автоматы табылды. Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, атайын жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында М.Х. аттуу кримчөйрөдө “смотрящий” статусу бар адамдын үйүнөн Калашников автоматы 18 огу менен табылган.
Баңгизаттарын жүгүртүүгө да тиешеси бар экендиги айтылып жаткан жаран өзү табыла элек. Учурда шектүү адамды издөө иштери жана иликтөө уланып жатат.