Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы талаштуу аймактарга жол курууга учурда зарылчылык жок. Мындай пикирин аталган өлкөнүн Жерге жайгаштыруу жана геодезия комитетинин башчысы Махмадтоир Зокиров билдиргенин тажикстандык ММКлар жарыялашты. "Бардык зарыл болгон жолдор Советтер Союзу учурунда эле курулган",- дейт чиновник.
Зокиров алгач эки өлкө чек арадагы делимитация жана демаркация маселелерин чечип алышы керектигин айтат. "Бизде 1924-жылдан бери чечилбей келген маселелерди аныктап алуу милдети турат. Учурда бул боюнча кыргыз-тажик комиссиясы иштеп жатат. Өлкөлөр ортосундагы чек ара так аныкталгандан кийин гана жаңы жолдорду куруу жөнүндө сөз кылууга болот. Бул боюнча комиссия али маселе көтөрө элек",- дейт ал.