Бишкекте "чет элдик ишкерди тоногон" деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, чет элдик ишкер июнь айында жума намазынан чыгып келе жатканда белгисиз адамдар күч колдонуп унаага отургузушуп, кийин 5 миң АКШ долларын тартып алышкан да, из жашырып кетишкен.
Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин негизинде ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгы тарабынан аталган кылмышка шектүү катары “смотрящий” деген криминалдык статусу бар Н.А. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон Д.Б. аттуу жаран кармалган. Учурда аталган окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.