Орусия: Тарых боюнча мигранттар тапшыра турган сынактын суроолору жеңилдетилди

Орусия мигранттар 1-сентябрдан тарта тарых боюнча тапшыра турган сынактын суроолорун жеңилдетти. Муну орусиялык маалымат булактары 15-июлда жарыялашты. Эмгек мигранттары үчүн татаал деп табылган суроолор тизмеден алыныптыр. Орусия элдер достугу университетинин проректору Анжела Должикова тест Билим берүү министрлиги менен бирге даярдалып жатканын айтат. Тизмеден өчүрүлгөн суроолордун бири Виктория деген кызды 10 жашында багып алган Евгений Иванович тууралуу. "18 жашка чыкканда кызды сүйүп калып, ага үйлөнгүсү келет. Суроо мындай: Мындай никени Орусия жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү (ЗАГС) каттоого алабы?"  
Тизмеден алынган суроолордун дагы бири канында жугуштуу оорусу бар экенин сүйлөшкөн жигитинен жашырган Елена аттуу айым тууралуу. Никеден кийин кыздын оорусу ачыкка чыгат. Мигрант "Мындай кырдаалда Еленанын күйөөсү никени жокко чыгаруу үчүн сотко кайрыла алабы?" деген суроого жооп берүүгө тийиш болгон. 
Өтө татаал деп эсептелген суроолордун катарында "Федералдык миграция кызматы каерде жайгашкан?", "Орусия жана Орусия Федерациясы деген аталыштардын мааниси бирдейби?", "Дипломатиялык виза кимдерге берилет?" деген суроолор болгону айтылды. "Биз мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүгө аракет кылдык. "Орусиянын валютасы кандай?" деген суроого жооптордун вариантын сөз түрүндө эмес, сүрөт түрүндө кылдык. Мигранттар рубль кандай көрүнөрүн билиши керек. Бул алардын кайсы бир жерден алданып калбашы үчүн маанилүү",- дейт Должикова. 
Орусияга ишке орношууну каалаган мигранттар 1-сентябрдан баштап аталган өлкөнүн тарыхы боюнча сынак тапшырууга милдеттүү. Бирок Федералдык миграция кызматы тесттин жыйынтыгын 2015-жылдын 1-январынан баштап гана талап кыла баштайт. Учурда курулуш, чарба иштери менен алектенген мигранттар орус тили боюнча сынак тапшырышууда. Статистикага таянсак, чет элдик мигранттардын 80-85 пайызы тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүштү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан