"Салык кызматынын кызматкеримин" деп жарандардан пара талап кылып келген" деген шек менен Бишкектин тургуну кармалды. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.
Милиция кызматкерлерине борбор калаанын Айгүл аттуу тургуну кайрылып, Салык кызматынан келгендигин айткан Жолдошбек аттуу жаран пара талап кылып жатканын кабарлаган. Иликтөөдө аталган Жолдошбек аттуу жаран Салык кызматынын күбөлүгүн, мөөр, штамптарын көрсөтүп ишеничке кирүү менен, арызданып кайрылган жарандын дарыканасына таандык бардык документтерди алып алгандыгы жана мыйзамга туура келбеген нерселер бар экенин айтып, пара талап кылып жаткандыгы аныкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жаран колго түшүрүлүп, салык кызматкери экендигин тастыктаган мөөр, штамптарды кокусунан таап алып, өзүнө күбөлүк жасап алгандыгын жана мурда Салык кызматында иштеп кеткендиктен, аталган чөйрөдөгү иштин чоо-жайын билип, жарандарды оңой эле алдап келгендигин айткан. Аталган жарандын үстүнөн анын кылган иштеринен жабыр тарткан дагы бир канча адамдан арыздар келип түшкөнү белгилүү болду.
Учурда кылмышка шектүү жаран камакка алынып, ага карата "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.