Жети-Өгүздүн тургуну мас абалында аялын сабап өлтүрүп, кылмышын жашырып келгенин мойнуна алды. Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Жети-Өгүз РИИБине 50 жаштагы Семёновка айылынын тургуну кайрылып, 49 жаштагы сиңдиси белгисиз себептерден улам каза болуп калганын айткан. Ошондой эле ал сөөктү коюу тажиясында жансыз денеде ур-токмоктон калган ар кандай издер бар экенин байкаганын, сиңдисинин өлүмүнө анын күйөөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн экендигин билдирген. Буга катар күйөө баласынан көк тактар тууралуу сураганда ал аялынын талма оорусу кармап, тепкичтен кулап түшкөндө калган тактар экенин айтканы тууралуу маалымдаган.
Бул боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлүп, суракка каза болгон жарандын күйөөсү чакырылган. Суракта 50 жаштагы Желе-Дөбө айылынын тургуну ар түрдүү жоопторду айтып, шек жараткан. Кийин ал мас абалында келип аялын сабап жатып өлтүрүп алганын мойнуна алган.
Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.