Филиппиндин Түштүк Замбоанга провинциясында болгон окуя коомчулуктун талкуусунда турат. Аталган аймакта 3 жаштагы кыз өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатында ойгонуп чыкканы көпчүлүктү таң калтырышы турган кеп.
Ал бир нече күн дене табы көтөрүлүп, үйүндө ооруп жаткан. Кызынын абалы начарлап баштаганда атасы аны ооруканага алып барган. Дарыгерлер кызды карап чыгып, тамырдын кагышы жайлап калганын айтышкан.
Туугандары баланы көз жумду деп акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулушуп, кыз менен коштошуу үчүн табытты ачканда "маркумдун" башы кыймылдап жатканын байкашкан. Ата-энеси кызын табыттан алып чыгып, суу ичиришкен соң кайра ооруканага алып барышкан.
Азыркы тапта кыз өз үйүндө жашап жаткандыгы айтылууда. Бул тууралуу 14-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.