Ыргал Кадыралиева: "Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө берилүүчү акчаны 2 миллион сом кылуу керек"

Ош шаарында кылмышкерлердин огунан каза болгон милиция кызматкерлери Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө берилүүчү каражатты 2 миллион сомго чейин жогорулатуу керектигин депутат Ыргал Кадыралиева билдирди. Депутат иш үстүндө курман болгон милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө берилген 200 миң сом аз экенин айтып,  буга жер тилкесинен үй сатып алуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады. "Анын үй-бүлөсүн ким багат? Шоноев эл-жер үчүн курман болду. Тийиштүү мыйзам сунуштасаңар, биз колдоп берели" деп Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жунусовго сунуш айтты.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан