"Шаардын бюджетине 2 миллион сомдон ашык зыян келтирген" деген шек менен Кара-Балтанын мурунку мэрине кылмыш иши козголду. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кара-Балта шаарынын мурунку мэри болгон К.О. 2009-жылы жер тилкелери тууралуу мыйзамды бузуу менен жер тилкесин “ТЭК Моби-Транс Плюс” ЖЧКсына 49 жылга пайдаланууга берген. Кийин аталган ЖЧК жер тилкесин “Даде Сервис Компани” ЖЧКсына өткөрүп берип салган.
К.О. аттуу Кара-Балта шаарынын мурунку мэринин мындай мыйзамсыз кадамдарынан улам шаардык бюджетке 2 миллион 640 миң сом зыян келтирилген.
Аталган окуя боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөө уланууда.