Экс-мэр Нариман Түлеев оорусуна байланыштуу бүгүнкү сот отурумуна келе алган жок

Экс-мэр Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму 22-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан бүгүн, 15-июлда кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Нариман Түлеев ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна келе албагандыктан, сот отуруму 22-июлга жылдырылды.

Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган. 

Бирок жактоочулар соттун чечимине макул эместиктерин билдиришкен соң, Бишкек шаардык соту 2013-жылдын 20-сентябрынан баштап кайрадан сот отурумдарын баштаган. Антсе да Нариман Түлеевдин оорусуна байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин созулуп келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RNA78
2014-07-15 15:37:21
Биздин чондордун баарынын эле ден соолугу начар, оорукчанбы?
+1
ayakosya
2014-07-15 20:07:41
Мыйзам процедураларын айланып отуунун эн оной жолу ооруп калуу да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан