Кызматтан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазган Нарын шаарынын мэри
Баатырбек Жээналиев "шаардык кеңештин депутаттары иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту" деп билдирди 15-июлда
SUPER.KG порталына. Анын билдиришинче, Нарын шаардык кеңешинин депутаттары негизсиз айыптоолорду коюп келишкен.
"Мисалы, шаарга байланыштуу каржы маселелерин чечишпейт, анан бир нерсе болсо эле "мэрге ишеним көрсөтпөйбүз" деп чыгышат. Ушундай нерседен тажадым. Бир сөз менен айтканда, иштейин десем, мага мүмкүнчүлүк бербей коюшту",- дейт Жээналиев.