КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев футбол боюнча Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү аталган Германия курамасын куттуктады. Куттуктоо каты Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Йоахим Гаук менен федералдык канцлер Ангела Меркелге жөнөтүлдү. Бул тууралуу 15-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы Германия курамасындагы оюнчулар күйөрмандардын эсинде көпкө сактала турган беттештердеги оюну менен дүйнөдөгү мыкты оюнчулар экенин далилдешкенин белгилеп, кыргыз-герман кызматташтыгын бекемдөө максатында биргеликте иш алып барууга даяр экенин айтты.
"Алмазбек Атамбаев Йоахим Гаук менен Ангела Меркелге бекем ден соолук жана ийлигик, немис элине бакубат жашоо, өнүгүү каалаарын билдирди" деп айтылат маалыматта.