“Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө” жаңы мыйзамга кол коюлду

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш ушул жылдын 19-июнунда кабыл алган “КРнын адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты бүгүн, 15-июлда билдирди.

Мыйзам адвокатуранын, адвокаттык иштин укуктук негиздерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилейт. Муну менен өлкөнүн “Адвокаттык иш жөнүндө” 1999-жылдын 21-октябрындагы №114-мыйзамы күчүн жоготту деп табылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан