Мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахмановага жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Тийиштүү документке КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Буйрукка ылайык, Ленина Абдрахмановага материалдык жардам көрсөтүү үчүн президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 70 000 сом бөлүнүп берилди.