Бишкекте кыргыз-түркмөн мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Бүгүн, 15-июлда президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды.

Президенттин аппараты билдиргендей, жолугушууда кыргыз-түркмөн мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.

Рашид Мередов Түркмөнстан жана Кыргызстан элинин салттуу достук жана жылуу мамилелерин белгилеп, кыргыз-түркмөн ар тараптуу кызматташуусунун активдешүүсү үчүн өз сапарынын маанисин белгиледи.

Атамбаев жолушугууда Мередовдун Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыгы жана жетишилген макулдашуулар өлкөлөр ортосундагы мамиленин мындан ары чыңдалышына кызмат кылат деген үмүтүн билдирди.

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышы кыргыз-түркмөн мамилелеринин тарыхындагы маанилүү окуя болуп, эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүүсүнө дем бере турганын белгиледи.

Жолугушууда мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык мамилелерин мындан аркы активдештирүү зарылчылыгына да токтолушту.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан