Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңеште жаштардын “Парламент модели-2014” долбоорунун катышуучуларынын I пленардык сессиясы өттү. Иш-чарага парламент төрагасынын орун басары Бөдөш Мамырова катышты.
Долбоордун өкүлдөрү менен депутат коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашканын ЖКдан билдиришти.
Мамырова Жогорку Кеңештин, комитеттердин, фракциялардын иши жөнүндө маалымат берип, жаштардын келечеги үчүн мектептердеги, ЖОЖдордогу алган билими маанилүү ролду ойноорун айтты.
Айта кетсек, “Парламент модели-2014” долбоорунун катышуучулары - аталган долбоордун өкүлдөрү тарабынан тандалган Бишкек шаарындагы мектептердин 8-9-10-класстарынын окуучулары. Долбоор ЖККУ жана Эл аралык билим берүү боюнча Америка кеңеши менен бирдикте ишке ашырылууда. Ал жаштарды парламенттик башкаруу формасынын негизги түшүнүктөрү менен тааныштырууга, демократиялык кайра курумдардын негизги принциптерин үйрөтүүгө, көйгөйлөрдү талдап, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулоого багытталган.