Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын неврология бөлүмүнө акыркы мезгилде менингит оорусу менен кайрылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда аталган оорукананын неврология бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Аманбаева билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын жарым жылында 3 бейтап кайрылса, бул жылдын 6 айында 11 жаран дарыланууга келген. 2013-жылы бир адам аталган илдеттен каза тапса, ушул жылы 3 адам көз жумган. Менингит аба менен кишиге жугуучу оорулардын катарына кирет. Бул мээнин эң көп жабырлануучу ооруларынын бири.
“Ооругандардын 20 пайызы бул оорудан каза табат. Аталган оору адамга эки метр аралыктан жугат. Менингит кадимки эле сасык тумоого окшоп башталып, адамдын дене табы жогорулап, көңүлү айный баштайт. Мындай учурда жарандар сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылуусу керек”,- деди ал.
Айта кетсек, өлкөдө жыл башынан бери эле 150 адам менингит оорусу менен катталган. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, ар он жылда бул илдет күч алат.