"Бишкектин тургуну Дүйнө чемпиондугунда Аргентина утулгандан улам өзүн өзү өлтүрдү" деген маалымат жалган

Бразилиядагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Германия менен финалдык беттеште Аргентина курамасы утулгандан кийин Бишкектин тургуну өз жанын кыйганы айтылууда. 21 жаштагы жаран шаардагы букмекер кеңселеринин биринде Аргентина курамасы үчүн акча сайып, команда утулгандан кийин өзүн өзү асып алганы маалымдалган. 
Бүгүн, 15-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Мырзабек Токтосунов жогорудагы окуя футболдук оюндарга тиешеси жок деп билдирди.
"Көк-Жар жаңы конушундагы 1993-жылы туулган жарандын өлүмү футбол оюндарына байланыштуу эмес. Ал "Өлүмүмө эч ким күнөөлүү эмес. Өзүм күнөөлүүмүн" деген катты жазып калтырган",- деди ал.
Маалым болгондой, өз өмүрүнө кол салган жаран кумар оюндарына аралашып жүргөн жана унаасын да уттуруп жиберген. Азыркы тапта жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
tirik
2014-07-15 19:47:02
Букмекерди жабыш керек
+4
ayakosya
2014-07-15 20:10:13
Туура букмекерди жабыш керек. Баардык нерсенин чеги болот да кыргыздар антишпейт жыланач калгыча ойной беришет
+1
ulanamirbekov
2014-07-15 22:45:09
кумар оюндары жакшылыка алып келбейт,
+1
forvard
2014-07-15 23:47:43
Букмекерди неге жабат.озу акыбалына карап ойнош керек да
-1
Chon-Alai-kg0101
2014-07-16 08:13:23
Тообо кылдым, АЛЛАХ жаштарга ынсап, каарылырга ыйман берсин.
+1
kipchak
2014-07-16 09:25:44
Букмекер деле казинодон кем калбагандай кумар ойноочу жай. Жабуу керек.
+1
alibekova94
2014-07-16 11:10:19
кызык ушундай да болобу футбол оюнунун тиешеси жокго дейм ...
-1
Rayimbek
2014-07-16 13:03:48
Кумар ойуну шарията арам айагы мына.
+1
AkbarAli
2014-07-18 01:27:54
Жалган дейби??? Биз барып бата кылып келдикко????
0
AkbarAli
2014-07-18 01:45:35
Аргентинага 150 000 сом коюп утулуп калыптыр
0
Lenin
2014-07-18 12:23:21
Германияга койсо деле утулмак. Канча киши куйуп кетти. Ваще эле бул чемпионат сюрприздерге толтура болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан