Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору калкка кызмат көрсөтүүчү мекемелерди текшерип чыгат. 2014-жылдын 6 айында өз учурунда медициналык текшерүүдөн өтпөгөнү үчүн 157 жооптуу кызматкерге айып салынган, мунун 56сы коомдук тамактануучу жайлардын өкүлдөрү. Айыптын суммасы 80 миң сом. Төмөнкү тармакта иштегендерге да айып салынган:
Соода тармагында иштеген 22 адам, айыптын суммасы 24 миң сом;
Бишкектеги базарларда иштеген 11 адам, айыптын суммасы 13 миң сом;
Тамак-аш өндүрүү тармагында иштеген 7 адам, айыптын суммасы 11 миң сом;
Өндүрүш тармагында иштеген 7 адам, айыптын суммасы 12 миң сом;
Автоунаага май куюучу жайда иштеген 6 адам, айыптын суммасы 12 миң сом;
Автоунаа оңдоочу жайда иштеген 4 адам, айыптын суммасы 7 миң сом;
Мектепте иштеген 8 адам, айыптын суммасы 8 миң сом;
Жогорку окуу жайында иштеген 1 адам, айыптын суммасы 1000 сом жана башкалар.
Аталган борбор тийиштүү токтом чыгарып, калкка кызмат көрсөткөн 49 жай медициналык текшерүү жүргүзүүгө чейин убактылуу токтотулган.