Кадамжайда "8 жашар кызга карата жыныстык мүнөздөгү аракеттерди кылган" деген шек менен 56 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБиндеги өздүк булактарыбыз бүгүн, 15-июлда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, А.Д. аттуу жаран милиция кызматкерлерине кайрылып, И.А. аттуу адам анын 8 жаштагы кызын үйүнө алдап чакырып, ага карата жыныстык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын маалымдаган.
Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелген 56 жаштагы И.А. кармалып, камакка алынган. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.