“Сиз менен көптөн бери өз ойлорум тууралуу бөлүшсөм деп жүрчүмүн. Эми убакыт келди окшойт. Мен “Ата Мекен” партиясынан чыгып жатам. Себебин түшүндүрүп берейин. Мамлекетке терең берилгендиги үчүн бардык "ата мекенчилерге" ыраазычылык билдиргим келет. 18 жыл бул партия диктатура жана коррупцияга каршы чыккан адамдарды бириктирип келди. Ар жылы “Ата Мекенге” белгилүү саясатчылар кирген, алардын арасында башка партиялардын лидерлери да бар болчу. Социалисттер, либералдар, консерваторлор... Бул мезгилде “Ата Мекен” күрөштүн символу болгон. Анын эмгеги элде унутулгус бойдон калат”,- деп башталган кайрылууда депутаттын партиядан чыгышына парламенттик системдеги кемчиликтер себеп болгону айтылат.