* Мындан 105 жыл мурун, 1909-жылы Германияда автоунааларды чыгаруучу "Audi" компаниясы түзүлгөн. Ал "
Wanderer", "Horch", "DKW" жана "Audi" компанияларынын биригишинен улам негизделген. 2010-жылы өндүрүштүн көлөмү 1 148 791 унаага жетип, 2009-жылга салыштырмалуу 23,4 пайыз өсүштү көрсөткөн. 2012-жылы коомчулук айдап жүргөн унаалардын рейтингин түзүп, натыйжада Audi үлгүсү мыкты деп табылган. * Мындан 69 жыл мурун, 1945-жылы Германияда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд АКШнын жүк ташуучу поезди менен кагылышып, жыйынтыгында 102ден ашуун адам мерт болгон.

* Мындан 52 жыл мурун, 1962-жылы орусиялык ырчы
Григорий Лепс Сочиде туулган. Өз аты-жөнү - Григорий Викторович Лепсверидзе. 2011-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон Григорий Лепс "World Music Awards", "Песня года", "Золотой Граммофон" жана башка сыйлыктарга арзыган.