Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 15-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.
Кабыл алынган документтин максаты – энергетика тармагын мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдүн катарына кошуу жана энергетика максаттарында жер тиркелерин кайтарымсыз колдонууга мүмкүнчүлүк берүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.