Жоомарт Оторбаев эл аралык агенттиктин өкүлү менен "Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын алдын алуу" долбоорун талкуулады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 15-июлда Япон эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) Чыгыш, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөр департаментинин башкы директору Кае Янагисаваны кабыл алды.

Жолугушууда тараптар автожолдорду реабилитациялоо, тактап айтканда, Ош-Баткен-Исфана жолу боюнча кредиттик долбоорду ишке ашырууга байланыштуу маселелерди талкуулады. Аталган долбоорго тартылчу инвестициянын көлөмү 100 миллион долларга жетиши мүмкүн.

Өкмөт башчы белгилегендей, гранттык долбоорлор алкагында япон тараптан республиканын бардык облустары жолду кароо үчүн жабдуулар менен камсыз болгон. Техникалык жардамдын жалпы суммасы 40 миллион долларды түзөт. Тактап айтканда, АКШ тараптан 2010-2011-жылдары Чүй жана Ысык-Көл облустарына болжол менен 11 миллион доллардык 144 даана жабдуу берилген.

Жолугушууда гранттык келишим алкагында Бишкек-Ош автожолундагы Көк-Арт дайрасындагы Көк-Арт көпүрөсүнүн курулушуна жалпы суммасы 12 миллион доллардык көмөк көрсөтүлгөнү айтылды.

Өкмөт башчы Кыргызстандагы жолдорду камсыздоо боюнча кыргыз-япон окуу-изилдөө борборунун түзүлүшүн колдоого аларын билдирди. "Биздин билишибизче, япондук технологиялар жогорку деңгээлде өнүккөн, алардын борбор ишинде колдонулушу биздин кызыгуубузду арттырууда. Жаңы технологиялардын киргизилиши жол-курулушу техникасын өз убагында диагностикалоого мүмкүндүк берет”,- деди ал.

Андан соң тараптар “Бишкек-Ош автожолундагы кырсыктардын алдын алуу" долбоорун талкуулашты. Аны ишке ашыруу алкагында бийик жерлерде жолду таш түшүүдөн сактоочу энергия токтотуучу торчолор жана көчкүлөргө каршы инженердик курулуштар орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан