Декларация: Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев былтыр 447 900 сом иштеп тапканын айтты

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев (сүрөттө) 2013-жылы 447 900 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясына таянсак, министр 331 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үйгө, 2 коомдук фондго ээлик кылат. Жакындары былтыр 24 миллион 585 604 сом киреше табышыптыр. Алар 3 жер тилкесине, 5 имаратка, 1 комплекске жана батирге ээлик кылышат. Автоунаасы: Лексус GX470. Ошондой эле 5 ЖЧКга кожоюндук кылышат.
Осмонбек Артыкбаевдин орун басары Айбек Калиев былтыр 2 миллион 749 142 киреше тапканын айтты. Мунун 429 233 сому маяна, калганы кошумча кирешеси. Тойота Авенсис үлгүсүндөгү автоунаасы бар. 101,6 чарчы метр аянтты ээлеген батирге ээлик кылат. 
Министрдин орун басары Раимбек Мамыров бир жылда 698 974 сом киреше тапкан. 2013-жылкы маянасы 408 974 сом, кошумча кирешеси 290 000 сом. 2 үй, 1 жер тилкесине ээлик кылат. Автоунаасы: 2005-жылы чыгарылган Лексус RX300. 1 ЖЧКнын 51,8 пайыздык акциясынын ээси. Жакындары өткөн жылы 2 миллион 464 000 сом киреше табышканы айтылды. Алар 2 коттеджге, 3 автоунаага кожоюндук кылышат. 
Министрдин дагы бир орун басары Канатбек Муратбеков 2013-жылы 447 417 сом киреше тааптыр. Автоунаасы: 2012-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр. Жакындарына караштуу 220 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 2007-жылы чыгарылган Лексус 470 автоунаасы бар. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан