Абактан качып, издөөдө жүргөн кылмышкер Ош шаарында кармалды. Бул боюнча ИИМден бүгүн, 16-июлда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана атайын бөлүктүн аскерлеринин бирдиктүү аракети менен Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүнөн мурда бир канча ирет соттолуп, абактан качып кеткен, 1990-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалган.
Аталган жаран мамлекеттик номуру жок машина айдап жүргөн жана анын жанынан Макаров тапанчасы табылган. Учурда аталган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө амалдары жүрүүдө.