Ош облусунда ажылыкка баруучулар менингит жана сасык тумоо илдетине каршы эмдөөдөн өтүүсү керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Ош облустук санитардык эпидемстанциянын иммунолог-дарыгери
Булбул Уметова билдирди.
Анын айтымында, ажыга баруучуларды эмдөө боюнча атайын Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу чыккан.
Учурда облустук казыят ажылык сапарга баруучулардын тизмесин тактоо иштерин жүргүзүүдө.