Орусиянын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган дагы бир кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынан бүгүн, 16-июлда маалымдалды.
Белгилүү болгондой, Орусиянын Оренбург шаарынан Ош облусунун Алай районунун тургуну болгон С. кызы Ф. башка адамдын паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылган. Кийин ал орусиялык чек арачылар тарабынан кармалып, ага карата кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Эске салсак, кечээ Кара-Кулжа районунун А. уулу Т. Москва шаарынан Бишкекти көздөй келе жаткан. Орусиянын Оренбург шаарынын Ак-Булак районунан аталган жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалганы маалымдалган. Себеби ал башка адамдын паспортун колдонуп жүргөндүгү аныкталган.
Ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча маселе чечилип жатат. Орусиянын мыйзамына ылайык, мындай мыйзам бузуу үчүн жарандар 2 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.