Бишкек "жашыл шаар" аталып, чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун жаратып келгени белгилүү. Шаардын көчөлөрүндө дарактар көк тиреп, сейил бактары жыты буркураган гүлдөргө оролуп, келгендердин суктануусуна татыктуу болгон. Бирок бул бүгүнкү Бишкек үчүн жомок сыяктуу.
Сейил бакты аралап, дарактардын саргарып түшкөн жалбырагын көрүүгө болот. Күзгү пейзаж дегенге эрте, "суу жетишсиз" деген Кыргызстанга жарашпайт. Куураган гүлдөр суу сурап жаткандай... "Бишкек - менин шаарым!" деп сыймык менен айткан тургундардын зээнин кейиткен борбор калаабыздын абалы көңүл бурууга муктаж. Бийик тоолуу өлкөнүн борбору, Кыргызстандын жүзү "жашыл шаар" статусуна жооп бериш үчүн жазында ишембиликке чыгуу менен чектелүү керекпи?
Шаар бийлиги куурап калган бактарды кыйганы жатат. Бишкек шаарында куурап калган 1461 дарактын 713ү авариялык абалда экени айтылып, 18 дарак кыйылып, 56 дарак кыюуга даярдалганы маалым болду. Эрте жазда Бишкектин бактарына жана көчөлөрүнө гүлдөр отургузулуп, көчөттөр тигилет. Бирок аларга жакшы кам көрбөгөндүктөн, дарактар куурап, сейил бактар саргарып бара жаткандай.