Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү үчүн кыргыз-казак сүйлөшүүсү болуп өттү

Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идрисов Бишкекте 14-15-июль күндөрү иш сапары менен болду. Иш сапарынын алкагында кесиптешин Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кабыл алды. Тараптар саясий кызматташууну өнүктүрүү, соода-экономика, мамлекеттик чек арадагы өткөрүү бекеттеринин ишин жакшыртуу жана Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүсү боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ТИМи менен Казак Республикасынын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасына кол коюлду. Бул тууралуу министрликтен кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан