Эртең, 19-январда Баткен облусундагы чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болот. Айта кетсек, 17-январда депутаттар өкмөт башчы менен бирге аталган окуяны жабык эшик артында талкуулап, анда тийиштүү комитеттерде ЖКнын токтом долбоорун даярдоо, ал токтомду ЖКнын 19-январдагы кезексиз жыйынында талкуулоо чечими кабыл алынган. Эртеңки жыйында мындан сырткары КРнын Акыйкатчысын тандоо маселеси да карала турганы айтылууда.