Бишкекте энелердин өлүмүн азайтуу үчүн "Коопсуз энелик" кампаниясы ишин баштады

Бишкекте энелердин жана балдардын өлүмүн азайтуу үчүн "Коопсуз энелик" кампаниясы ишин баштады. Муну 16-июлда Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти кабарлады. Иш-чара жыл аягына чейин созулуп, Бишкектеги бардык жаңы конуштарды камтыйт. 35 атайын бригада жаңы конуштардагы кош бойлуу айымдарга жана алардын үй-бүлөсүнө кош бойлуулуктун коркунучтуу белгилери, алардын алдын алуу боюнча окууларды өтүшөт. Бул багытта маалымат берүүчү 42 миң даана материал даярдалганы айтылды. 
Маалыматка таянсак, жыл башынан бери 3 айым төрөттөн көз жумду. Бишкекте 2014-жылдын 6 айында төрөлгөн ымыркайлардын саны 11 851 түздү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан