Ош облусунда 14 жаштагы бала граната таап алганы айтылууда. Бул боюнча Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Нариман айыл өкмөтүндөгү талаадан 14 жаштагы бала гранатага окшош зат таап алган. Бул боюнча анын апасы милиция кызматкерлерине билдирген. Табылган зат “Ф-1” гранатасына окшош, учурда экспертизага жөнөтүлгөн.
Буга катар эле милиция кызматкерлери Жапалак айылынын 82 жаштагы тургунунун үйүнөн 16-калибрдеги ок атуучу курал табышкан. Учурда ага карата курал-жаракты мыйзамсыз сактаганы үчүн кылмыш иши козголду.