Ошто "бир жылда мекемелердеги акча сакталуучу 16 сейфти уурдаган" деген шек менен 3 жаран кармалып, камакка алынышты

Ошто "бир жылдан бери мекемелерден акча сакталуучу 16 сейфти уурдаган" деген шек менен 19 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июлда билдирди.

Маалыматтарга караганда, жыл башынан бери белгисиз адамдар мамлекеттик жана жеке менчик мекемелерге, акционердик компанияларга уурулукка киришип, акча сакталган сейфтерди уурдаган фактылар каттала баштаган. Бул кылмыштардын бетин ачуу үчүн атайын иш-аракеттер жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы С.И., А.С. жана 20 жаштагы М.А. аттуу жарандар кармалышкан. Иликтөөдө алар 16 ирет уурулукка баргандыгы ачыкталган.   

Учурда шектүүлөр камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан